Бишкек, 13.08.26 /Кабар/. Нарын облусунун жетекчилиги менен "Катар" кайрымдуулук уюмунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Документке ылайык, тараптар социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашыруу, калктын муктаж катмарларына колдоо көрсөтүү жана облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен демилгелерди жүзөгө ашырат.
Жолугушууда кызматташтыктын мындан аркы багыттары талкууланып, Нарындын калкы үчүн пайдалуу социалдык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруунун мааниси белгиленди.