Нарында Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун курулушу башталды

Аймак Загрузка... 25 Июль 2025 14:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Нарын шаарында маданият жана искусство тармагындагы жаңы долбоор — Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун курулушуна капсула салынды.

Салтанаттуу иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев да катышты.

Жаңы борбор маданий мурастарды сактоо, заманбап искусствону жана жаштардын чыгармачыл дараметин колдоо, маданий-мурастарды сактоо максатында ишке ашырылууда.

Ошондой эле борбор заманбап технологияларды, искусствону, билим берүүнү жана коомдук ишмердүүлүктү камтыган көп тармактуу платформа багытына кызмат кылат.