Нарында химиялык аралашма зыяндуу чегирткелерди дароо жок кылууда

Аймак 04 Август 2025 17:20
2b70566d-c5c9-4d72-9a00-67c301a4ecb5.jpg
81ae3f45-aaa6-48fb-8845-05264ab01c97.jpg
c3c89d26-522f-49ef-bc7c-cc727521bdca.jpg
Алдыга
Артка
2b70566d-c5c9-4d72-9a00-67c301a4ecb5.jpg
81ae3f45-aaa6-48fb-8845-05264ab01c97.jpg
c3c89d26-522f-49ef-bc7c-cc727521bdca.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Нарын облусунун Орто-Саз айылынын Кыянын Үстү тилкесинде зыяндуу чегирткелерге каршы химиялык дарылоо иштери улантылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул иштер айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдү жоготуунун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, химиялык дарылоолор тиешелүү коопсуздук эрежелерин сактоо менен айыл чарба багытындагы аянттарда адистердин катышуусунда жүргүзүлүп жатат.

Мындай алдын алуу иш-чаралары чегирткелердин көбөйүшүнө жол бербөөгө жана айыл чарба продукциясынын сапатын сактоого багытталган.