Нарында гемодиализ борборунун курулушу башталды

Аймак 08 Сентябрь 2025 12:40
6-12.jpg
0_n2WDmuj.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1_1_AD6C0jK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
6-12.jpg
0_n2WDmuj.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1_1_AD6C0jK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Аймактагы өкүлчүлүк

Бишкек, 08.09.25 /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда гемодиализ борборунун курулушу башталды.

Амйактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, курулушка президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров капсула салды.

Ал Ат-Башы районунун жергиликтүү калкы менен болгон жолугушууда Ат-Башы районунда аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Тактап айтканда, эки бала бакчанын, кичи ГЭСтин, спорт комплексинин, мектептин курулушу, ошондой эле жаңы сейил багын пайдаланууга берүү жана башка объектилердин курулушу тууралуу маалымат берди.