Нарында фермерлерге 3 млн сомдук сүт жабдыктары берилди

Аймак 21 Август 2025 13:20
535736724_1531571971587561_7756228578794762521_n.jpg
516028431_1531571948254230_7958866457076350337_n.jpg
534993799_1531571898254235_5736958499054981791_n.jpg
535249200_1531571998254225_91490153171091409_n.jpg
535358166_1531571868254238_1249110805920347233_n.jpg
536885930_1531571844920907_7135135686973531438_n.jpg
537329788_1531571978254227_313236170109172756_n.jpg
537632078_1531572004920891_6042258787948115804_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Бүгүн Нарын облусунун фермерлерине жалпы наркы 3 млн 92 миң сомдук сүт жабдыктары тапшырылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Анын ичинде 33 даана сүт саачу аппарат жана 349 даана атайын мал алдына төшөөчү желим килемчелер бар.

Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөгул Беков жана фермерлер катышты.

Жабдыктар сүт секторундагы фермерлердин ишин жеңилдетүүгө жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү.