Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. 31-августта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Нарын облусунда маданий, спорттук жана салтанаттуу иш-чаралар өтөт.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта майрамдык салтанат жана концерттик программа уюштурулат. Жээк аллеясында кечки концерттик-маданий программа өтөт.
Мындан тышкары, Нарын шаарынын мэринин өтмө кубогу үчүн спорттун беш түрү боюнча мелдештер жана улуттук спорт оюндары өткөрүлөт.
Майрамдык иш-чаралар Жумгалдын Чаек айылында, Кочкордогу Ормон хан атындагы сейил багында, Ат-Башы айылында жана Ак-Талаа районунун Баетов айылында уюштурулат.
Иш-чараларды өткөрүүгө карата аймактарда даярдык иштери жүрүп жатат.