Нарында быйыл 200 чакырым жолго асфальт төшөлөт - Иш башкармалык

Аймак 11 Август 2025 12:16
531789374_621133654373749_7248959537337461778_n.jpg
529905788_621133764373738_1972344839844516476_n.jpg
530192820_621133711040410_5686845670003789476_n.jpg
530197690_621133651040416_1388627038804947206_n.jpg
530291047_621133927707055_7414744045506006858_n.jpg
530312098_621133737707074_3408137395990686597_n.jpg
530452767_621133841040397_4592370811924957787_n.jpg
530536411_621133857707062_2759324740738610966_n.jpg
530617569_621133897707058_4863780451395215724_n.jpg
530617579_621133774373737_2249415121073528352_n.jpg
530775885_621133804373734_8591523746859171073_n.jpg
530874600_621133881040393_4036028045001462629_n.jpg
531312321_621133691040412_3859810018567906536_n.jpg
532133428_621133911040390_7686581174684852033_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Быйыл Нарын облусун өнүктүрүүгө 15 млрд сом бөлүнүп, 127 социалдык объект курулуп, 266 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапары менен Нарын облусуна келип, бир катар курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Сапардын алкагында Нарын районуна атайын техникалар тапшырылып, шаардагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу боюнча маалымат берилди. Учурда облус боюнча 15 млрд сомго 127 ири долбоор ишке ашып жатат. Ошондой эле быйыл 266 чакырым жолго асфальт төшөлүп, анын 200 чакырымы толугу менен бүткөрүлөрү белгиленди.

Иш сапарга президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев да катышып, курулуштардын жүрүшү менен жеринен тааныштырды. Ал белгилегендей, бул долбоорлор – президенттин тапшырмаларынын алкагында ишке ашырылып жаткан ири иштердин бир бөлүгү.

Сапар учурунда Камчыбек Ташиев Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын президенттин Иш башкармасынын балансына өткөрүп, толук реконструкциялоо боюнча тапшырма берди. Парк жаңылангандан кийин эс алуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, аймактын туризмдик мүмкүнчүлүгү жогорулайт.