Нарында бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда

Аймак 09 Сентябрь 2025 17:30
544733329_1250081657132733_6055764679063006649_n.jpg
543111843_1248511900623042_5273958245820283475_n.jpg
543534889_1248512233956342_8388691710500919813_n.jpg
544587560_1248511967289702_1367028203245387860_n.jpg
545074550_1250081820466050_7146537419373363883_n.jpg
545096666_1250081757132723_3989409582593242746_n.jpg
545131559_1250081800466052_3316140141400162841_n.jpg
545140092_1332428272225137_8408532817894055322_n.jpg
545337662_1248512160623016_1983596805269416801_n.jpg
545595923_1332428302225134_4188987556419245616_n.jpg
545615778_1250081943799371_2368744329086982784_n.jpg
545650193_1250081660466066_6240374403203300137_n.jpg
544806617_1332361172231847_3590088549853011701_n.jpg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Нарын облусун өнүктүрүү максатында буга чейин пландар иштелип чыккан. Учурда аларды жүзөгө ашыруунүн үстүндө жигердүү иштер жүрүүдө. Атап айтсак, облуста бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда.

545650193_1250081660466066_6240374403203300137_n.jpg

Нарын облусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына төмөнкүлөр кирет:

  • агроөнөр жай комплекси, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайы;
  • өнөр жай, анын ичинде тоо-кен өнөр жайы;
  • туризм;
  • энергетика;
  • чакан жана орто бизнес;
  • айыл чарба потенциалын өнүктүрүү.

Күн мурун президент Садыр Жапаров Нарын шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландары менен таанышты. Анда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров жаңы төрөт үйүнүн, шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушунун башталышы, ошондой эле Торугарт көмүр кенин иштетүүнү камтыган инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жана башкалар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Ат-Башы – Баетов – Казарман жолун куруу пландары тууралуу да маалымдады.

545140092_1332428272225137_8408532817894055322_n.jpg

Өз кезегинде мамлекет башчысы Жаман-Даван жана Терек-Сай суу сактагычтарынын жана каналдарынын курулушун, Баетов айылындагы борбордук парктын реконструкциясын аяктоону, Ак-Талаа районунда Коомдук маданий борборду курууга киришүүнү тапшырды. Садыр Жапаров белгиленген долбоорлорду жүзөгө ашырууга бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу тапшырмасын берди.

545615778_1250081943799371_2368744329086982784_n.jpg

Бүгүнкү күндө Нарын шаарын өнүктүрүүгө жана шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун катарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу да бар. Долбоордо 216 батирден турган тогуз кабаттуу төрт блоктун курулушу каралган, ошондой эле унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы жана спорттук воркаут-зонасы курулат. Эми региондун жашоочулары үчүн батирлердин саны дагы көбөйтүлмөкчү.

544806617_1332361172231847_3590088549853011701_n.jpg

Ошондой эле шаарда инновациялык-креативдик борбордун курулушу жүрүүдө. Борбор китепкана, музей, инновациялык теле жана аудиостудияларды, киноконцерттик залды, коворкинг жана IT-зоналарды, соода аянтын бириктирет. Мындан тышкары, балдардын көңүл ачуу борбору жана муниципалдык мончо да курулууда.

545096666_1250081757132723_3989409582593242746_n.jpg

Учурда Нарын шаарында жол оңдоо иштери жүрүүдө. Узундугу 9 чакырымдан ашкан Ленин көчөсүнө асфальт төшөө башталды, ал эми Шералиев көчөсүндө (2,3 км) тротуарларды куруудагы мурдагы кемчиликтерди жоюу, бордюрларды жана суу агуучу лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат.

545131559_1250081800466052_3316140141400162841_n.jpg

Мындан тышкары, УКМКнын Чек ара кызматынын Тайлак баатыр атындагы Нарын облусу боюнча башкармалыгынын 12,11 гектар жер тилкеси курулуштары менен кошо Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген. Бошотулган жер тилкелерине турак жай, бала бакчаларды жана саламаттык сактоо объектилерин куруу пландалууда.

543111843_1248511900623042_5273958245820283475_n.jpg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кочкор районуна болгон иш сапарында билдиргендей, райондун инфратүзүмүн жакшыртууга 900 млн сом бөлүнөт. Бул каражатка төрт ири обьектте курулуш иштери жүрө турган болду. Алардын катарында Кочкор райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун имараты бар. Эми аталган жайдын имаратын жаңылоо үчүн төрт кабаттан турган эки имарат жана дарыгерлер үчүн атайын жатакана салынат. Бул үчүн 500 млн сом бөлүнөт.

545337662_1248512160623016_1983596805269416801_n.jpg

Мындан тышкары, Ормон хан стадионуна кошумча шарт түзүү үчүн 100 млн сом, ушул эле айылдагы 5 гектар сейил бакты толук реконструкциялоого 100 млн сом каралат.

Ал эми Кочкор райондук спорт мектебинин имараты заманбап спорт комплекси болуп жаңы курулат. Бул үчүн 200 млн сом пайдаланылат.

544587560_1248511967289702_1367028203245387860_n.jpg