Нарында ата-энесинен ажыраган 9 балага жер берилди

Аймак Загрузка... 15 Май 2026 15:40
700606927_1299577265694656_5825546875550492382_n.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Нарын облусунда 9 жетим баланын турак жай укуктары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Нарын облустук прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган тоголок жетим балдардын турак жай укуктарын коргоого текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында Кочкор районунда 5, Жумгал районунда 3 жана Нарын районунда 1 балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, укук тастыктоочу документтери тапшырылды.

Прокуратура органдары тарабынан калктын аярлуу катмарына кирген, анын ичинде өзгөчө балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарын коргоо жана алардын социалдык абалдарын жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.

699516732_1299577262361323_5398004876188944959_n.jpg