Нарында ата-энеси жок 5 өспүрүмгө жер тилкеси берилди

Аймак Загрузка... 26 Февраль 2026 11:30
11.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Нарын облусунун прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай куруу үчүн жер тилкелерин кезексиз алуу укуктары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көзөмөл органы тарабынан ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарынын сакталышы текшерилген.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, ата-энесиз калган 5 өспүрүмгө турак жай куруу үчүн жер тилкелери ажыратылып берилди.

"Учурда аталган жер тилкелерине тийиштүү укук тастыктоочу документтер даярдалып, ээлерине тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.