Нарында алгач ирет бала бакчага күн жылуулук системасы орнотулду

Аймак Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 14:30
WhatsApp Image 2026-07-28 at 14.46.30.jpeg

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Нарын шаарында алгачкы ирет “Ата-Түрк” балдар бакчасына күн энергиясынын негизинде иштеген заманбап жылуулук системасы орнотулду.

Нарын облусундагы өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, аталган система облус жетекчиси Нурбек Сатаровдун демилгеси менен коюлду.

Долбоордун алкагында күндөн алынган электр энергиясы имаратты жылытуу, салкындатуу жана башка керектөөлөр үчүн пайдаланылат. Бул технология электр энергиясын үнөмдөөгө, чыгымдарды азайтууга жана өлкөдөгү энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле аны мамлекеттик башка социалдык объектилерге жана жеке турак жайларга да жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралган.