Нарында 77 млн сомдук заманбап спорт комплекси курулууда

Аймак 29 Сентябрь 2025 12:35
WhatsApp_Image_pfUq8pw.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_CZEVKZR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_8FOSYTC.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Нарын шаарында заманбап талаптарга жооп берген спорт комплексинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы баасы 77 миллион сомду түзүп, ал республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери 2024-жылы башталган.

Спорт объектисинин жалпы аянты 1118 чарчы метрди түзөт. Комплекс «А» жана «Б» блокторунан турат жана заманбап стандарттарга ылайык жабдылмакчы. Анда административдик корпус жана бардык шарттары бар спорт залы каралган.