Нарында 55 жыл мурун курулган "Байдулуу" каналы жаңыланууда

Аймак Загрузка... 23 Июль 2025 15:08

Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Нарын облусунда мындан 55 жыл мурун курулган "Байдулуу" каналы жаңыланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул канал 1970-жылы курулган жана анын жалпы узундугу 18,9 чакырымды түзөт. План боюнча канал аркылуу жалпысынан 305,5 гектар жер сугарылышы керек болчу. Эми планга жеткирүү максатында Суу ресурстары кызматы тарабынын акча каражат бөлүнүп, канал жаңыланууда. 

5,5 чакырым канал механикалык жол менен тазаланып, жаңы лотоктор орнотулууда. 
Каналда учурда көлөмдүү көчкү түшүү коркунучу бар аймактар да аныкталган. Алар суунун агымына тоскоолдук жаратып, кооптуу жагдайларды түзүүдө.

Буга дагы атайын каражат бөлүнүп, көчкүгө каршы диаметри 1 метр болгон 45 метрлик болот түтүк (стальной труба) орнотулат. Ошондой эле 50 даана ЛР-60 лоток жаңыланат.

Министрлик тарабынан "Байдулуу" каналынын абалын жакшыртуу иштери улантылып, ирригациялык инфраструктураны чыңдоо боюнча чаралар көрүлүүдө.