Нарында 4 500 орундуу стадион курулуп жатат

Аймак Загрузка... 17 Июль 2025 16:55
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Нарында 4 500 орундуу стадион курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, стадионго караштуу аймак 3,6 гектарды ээлейт. Ал жерде кийим алмаштыруучу жана тамактануучу жайлар, жатакана, конференц-зал жана бир нече административдик бөлмөлөр жайгашат.

Ошондой эле VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү үчүн бардык шарттар каралган.

Курулуш иштери толугу менен Курулуш министрлигинин Нарын шаарындагы башкармалыгынын көзөмөлүндө уланууда.