Нарында 30 метрлик шаурма жасалды

Коом Загрузка... 22 Сентябрь 2025 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. 20-сентябрда Нарын шаарындагы жергиликтүү кафе өзүнүн эки жылдыгын шаардыктар үчүн адаттан тыш майрам менен белгилөөнүн алкагында 30 метрлик шаурма даярдап, калаа тургундарына бекер тартуулады.

Уюштуруучулардын айтымында, бул үчүн 25 килограмм эт, 70 барак лаваш, 20 килограмм картошка жана башка керектүү азыктар сарпталган.

Майрамдык иш-чарага 200дөн ашык балдар жана алардын ата-энелери катышты.

Мындан сырткары, коноктор үчүн оюндар, оюн-зоок программасы даярдалып, белектер да тартууланды.