Нарында 24 миңден ашык "акылдуу" электр эсептегич орнотулду

Аймак 6 август 2025 12:29
527992210_747244791233832_7722835393325084781_n.jpg
528035990_747244971233814_1379034659255519701_n.jpg
528252304_747244914567153_2518842600712588564_n.jpg
528809612_747244807900497_3355760067159538351_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Нарын облусунун аймагында 24 144 "акылдуу" электр эсептегич орнотулду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Ак-Талаа районуна - 5014;
  • Ат-Башы районуна - 6547;
  • Жумгал районуна - 5385;
  • Нарын районуна - 2870;
  • Тогуз-Торо районуна - 4328.

Негизинен быйылкы жылга карата облустун аймагында жалпы 33 600 даана электр эсептегич орнотуу каралган. Ал эми 2022-жылдан бери 44 миң 45 даана "акылдуу" электр эсептегич орнотулду.