Нарында 2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Аймак Загрузка... 21 Март 2026 12:35
Novosti_Gornyy_med_1.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Нарында 2 млрд сомго жакын долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын шаарында өтүп жаткан Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Нарын облусунда мал чарбачылыгы, эт жана сүт өндүрүшү облустун экономикасынын өзөгүн түзөт. Акыркы жылдары малдын саны көбөйүп, өндүрүш көлөмү артты.

"Облуста эт, сүт, бал, тоют, мөмө-жемиш кластерлерин түзүү багытында жалпы суммасы 2 млрд сомго жакын долбоорлор ишке ашырылып жатат. Айрыкча Нарындын балы Сауд Аравия, Казакстан, Кытай, Россия жана Япония мамлекеттерине экспорттолуп жатканын сыймыктануу менен айта кетишибиз керек", - деп айтты өлкө башчысы.