Нарында 15 жаңы социалдык жана өндүрүш объект ачылат

Аймак 29 Август 2025 12:20
514338111_1538020134276078_8742540389352077121_n.jpg
539397084_1538020287609396_6859595888771293361_n.jpg
539421919_1538020117609413_6832304966821731600_n.jpg
539478535_1538020567609368_6812028327616394226_n.jpg
539552018_1538020534276038_1356485755437539404_n.jpg
539610946_1538020240942734_4712169264420482403_n.jpg
540594231_1538020634276028_6572640380821804168_n.jpg
540873859_1538020430942715_7142158964837624745_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Бүгүн, 29-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нарын облусунда жалпы 15 ири социалдык жана өндүрүш объекттин онлайн ачылышы өтөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, даңыдан пайдаланууга бериле турган объекттердин катарына 7 социалдык мекеме жана 8 өндүрүш ишкансыа кирет. Алардын арасында мектептер, спорт залдар жана ишканалар орун алган.

Нарын шаарында Ү. Асанов атындагы лицей-интернат капиталдык ремонттон өткөрүлсө, Ак-Талаа районунда А.Турдакунов атындагы 150 орундуу жаңы мектеп, ошондой эле жүндү кайра иштетүүчү цех жана сафлор майын чыпкалоочу ишкана ишке киргизилүүдө.

Ат-Башы районунда Шах-Тал алтын казуу ишканасы, Жумгалда Таш-Дөбө айылындагы орто мектеп, Байзак айылындагы минералдык суу чыгаруучу цех жана Баш-Куугандыдагы жүндү иштетүүчү ишкана ачылууда.

Кочкор районунда Төлөк айылында спорт зал, Ак-Кыя айылында Ш. Рысмендеев атындагы мектеп, Ормон хан айылында соода-логистикалык комплекс пайдаланууга берилет.

Ал эми Нарын районунда Жер-Көчкү айылындагы Б. Кыязова атындагы орто мектеби, Ийри-Суу айылындагы М. Байдолотов атындагы мектеп, Миң-Булак айыл аймагындагы бетон заводу жана тоок этин кайра иштетүүчү ишкана ачылып жатат.

Бул объекттердин ишке кириши менен аймактардын социалдык инфраструктурасы чыңдалып, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү кеңейет жана жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундар түзүлөт.