Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү кемчиликтер толугу менен жоюлат

Аймак 160 14 Август 2026 09:55
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү кемчиликтер подряддык уюм тарабынан толугу менен жоюлат. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтер боюнча подряддык уюмга тиешелүү тапшырмалар берилип, белгиленген талаптарга ылайык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

"Учурда Ленин көчөсүндөгү курулуш иштеринин сапаттуу аткарылышы жана белгиленген мөөнөттө аякташы көзөмөлдө турат",-деп айтылат маалыматта.