Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. Нарын шаарындагы жол курулушунда бүтпөй калган иштер быйыл аягына чыгарылат. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында “Кабар” агенттигине транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.
Анын айтымында, Нарын шаарынын ички жолдорунун курулуш иштеринин негизги бөлүгү былтыр аяктаган. Тактап айтканда, жолдорго эки катмар асфальт төшөлүп, бирок тротуарларды, суу өткөрүүчү лотокторду жана түшүүчү жолдорду куруу сыяктуу кошумча иштер толук бүткөрүлгөн эмес.
“Бул долбоордун ишке ашырылышы бир топ убакытка кечигип калды. Ошондой эле бөлүнгөн каражаттар да тармакка толук көлөмдө жумшалган эмес. Тергөө иштеринин жүрүшүндө долбоорду аткарган компания министрликке болжол менен 153 миллион сомдук мүлкүн өткөрүп берди. Эми биздин милдет - ошол мүлктүн эсебинен калган иштерди бүтүрүп, долбоорду толук аяктоо”, - деп белгиледи Солтобаев.