Нарын шаарындагы борбордук стадиондун курулушу уланууда

Аймак 14 Август 2025 11:45
whatsappimage20250814at102317-790689d6d7c00ab15.82496980.jpg
whatsappimage20250814at1023151-796689d6d7bf40247.48215691.jpg
whatsappimage20250814at1023152-545689d6d7c027d50.23732605.jpg
whatsappimage20250814at1023161-823689d6d7c013e21.95980218.jpg
whatsappimage20250814at1023162-379689d6d7c030be0.38765468.jpg
whatsappimage20250814at1023163-480689d6d7c01eea2.64114677.jpg
whatsappimage20250814at1023171-59689d6d7bf28ed1.84361641.jpg
whatsappimage20250814at1023172-901689d6d7c03b3b0.40286684.jpg
whatsappimage20250814at102316-23689d6d7bf34679.87544095.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Нарын шаарындагы "Ала-Тоо" борбордук стадионунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери быйыл башталган.

Стадион 4500 орунга ылайыкталган, жалпы аянты 3,6 гектарды түзөт.

План боюнча эки кабаттуу административдик имаратта дарыгердин бөлмөсү, конференция залы, футболчулардын кийим алмаштыруу, эс алуу, допинг текшерүү жана машыктыруучунун бөлмөсү каралган. Ал эми футбол аянтчасы эл аралык нормалардын негизинде салынат.

Ошондой эле VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү үчүн да бардык шарттар каралат.

Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.