Нарын шаарында жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Аймак Загрузка... 03 Июль 2025 10:13
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Нарын шаарында жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта калаанын узундугу 9,025 чакырымды түзгөн В.Ленин атындагы борбордук көчөсүндө эски асфальт катмарын сыйруу, бордюр таштарды коюу, суу түтүктөрүн орнотуу, жер иштери жана жолдун негизин даярдоо жумуштары жүрүүдө.

Ал эми жалпы узундугу 2,3 чакырымды түзгөн Ж.Шералиев атындагы көчөдө 6 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары дээрлик басылып бүттү.

Мындан тышкары, министрлик тарабынан Нарын шаарынын 39 ички көчөсүн камтыган жалпы 13 чакырым жолду оңдоо пландаштырылып, азыркы тапта 4,5 чакырым жолдун негизин даярдоо иштери аяктады.

Жумуштар № 41 жана № 8 Жол тейлөө ишканалары тарабынан аткарылып жатат.

Министрлик жол инфратүзүмүн жакшыртууга, шаар ичиндеги унаа каттамын жеңилдетүүгө жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган курулуш иштери жетекчиликтин жеке көзөмөлүндө турганын белгиледи.