Нарын шаарында саркынды суу тазалоочу жайдын курулушу башталды

Аймак 18 Июнь 2026 09:55
724824728_2044068929519038_6435171342622974802_n.jpg
725034421_801901802889413_6268977727461469032_n.jpg
725199356_1675094157064622_4133609864244056426_n.jpg
725518698_1319829939704191_1513243016180859307_n.jpg
725634170_1722362689185564_1914070175384359465_n.jpg
725690072_1023394253439536_1738061952247182645_n.jpg
725798464_1294619376173032_9099344261749424158_n.jpg
726016502_992599210194318_4809284169019572924_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын шаарынын мэриясы

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. "Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардагы 20 миң адамга эсептелген заманбап үлгүдөгү суу тазалоо жайы саркынды сууну 3 этаптык: механикалык, биологиялык жана химиялык тазалоодон өткөрөт.

Aталган долбоордун II фазасынын алкагында Нарын шаарынын Чыгыш аймагына 6, Батыш аймагына 6 жалпы 12 чакырым канализация тутуму тартылды.

"Бул ири экологиялык долбоор Нарын дарыясынын тазалыгын сактоого, шаардагы санитардык абалды жакшыртууга жана калктын коопсуз жашоосуна шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, шаардагы мурдагы саркынды суу тазалоо жайы 60 жыл мурда курулуп, эскилиги жеткен.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, Нарын облусу менен шаарынын башчылары, ошондой эле Швейцариянын, Европа биримдигинин элчилери жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.