Нарын шаарында реконструкциядан өткөн автобекет пайдаланууга берилди

Аймак 23 Октябрь 2025 18:08
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
570970283_1322230586351424_8464231654070818809_n.jpg
571011178_1322230689684747_3694888243389608877_n.jpg
571131852_1322230583018091_162223784198820949_n.jpg
571170881_1322230366351446_5287753568808270433_n.jpg
571368025_1322230603018089_2485159356016936610_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы автобекетти пайдаланууга берди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, автобекеттин капиталдык оңдоо долбоору президенттин Иш башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп, ага Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 53 млн сом бөлүнгөн.

Автобекеттин ичинде жүргүнчүлөр үчүн заманбап шарттар түзүлүп, жылууланып, атайын кондиционерлер коюлган. Ошондой эле экинчи кабатында алыстан келген айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөлөрү уюштурулган. Мындай шарттар тейлөө кызматын жакшыртат деп күтүлүүдө.

Өз кезегинде УКМК төрагасы элге сапаттуу кызмат көрсөтүү, шарт түзүү жана тейлөө башкы максат экенин белгилеп, заман талабына жооп берген шарттары бар бул сыяктуу автобекет айрым аймактарда жок экенин кошумчалады. Андыктан Ташиев жаңы объекттерди сарамжалдуу колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.