Нарын шаарында кышкы жылытуу мезгилине даярдык жүрүп жатат

Аймак 09 Октябрь 2025 12:00
561190614_1847449952514271_4839367643422861239_n.jpg
560113844_1847449972514269_4949405567808625685_n.jpg
561322588_1847450019180931_4361984018503669632_n.jpg
Алдыга
Артка
561190614_1847449952514271_4839367643422861239_n.jpg
560113844_1847449972514269_4949405567808625685_n.jpg
561322588_1847450019180931_4361984018503669632_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Нарын шаарында калкты жана социалдык-экономикалык тармакты алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык мекемеси тарабынан 187 кабаттуу көп батирлүү жана менчик үйлөрдү, 72 бюджеттик мекемени жана башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоо үчүн 30 казандык жана 17 миң 815 метр жылуулук трассасы даярдалды.

Мындан тышкары, калкты көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында 2 муниципалдык көмүр базасы уюштурулуп, учурда Кара-Кече кенинен көмүр тартылып келүүдө. Көмүрдүн баасы жеринде 1 тоннасы 6 миң сомдон сатылууда.

Белгиленгендей, алдыдагы кышкы мезгилде Нарын шаарына жалпысынан 23 миң тонна көмүр керектелет.

Көмүр жеткирүү иштери Нарын шаарынын мэринин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүп, атайын унаалар Кара-Кече кенине кезексиз киргизилип, көмүр ташуу ыкчам уюштурулууда.