Нарын шаарында ички жолдор жакшырат

Аймак 25 Май 2026 12:20
1052997855_0_229_2731_1765_1920x0_80_0_0_ef2296819e54c58bf71d85cd975c9ad6.jpg
708362880_2024.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
706971798_2024.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
707030535_2024.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
708395022_2024.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Нарын шаарында ички жолдорду оңдоо жана аң-чөнөктөрдү асфальттоо үчүн атайын техникалар менен керектүү жабдуулар сатып алынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Калаа башчысы Жылдызбек Беккелдиевдин тапшырмасына ылайык, жергиликтүү бюджеттен бул максатта 3 млн сом бөлүнгөн.

"Учурда бөлүнгөн каражатка 3 тонналык каток, жол оңдоого керектүү башка техникалык жабдуулар жана асфальт сатып алуу иштери жүрүүдө. Сатылып алынган техникалар шаардын ички жолдорун сапаттуу жана тез арада калыбына келтирүүгө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта

Маалыматта белгиленгендей, шаар ичиндеги жолдордун аң-чөнөктөрүн асфальттоо иштерин үстүбүздөгү жылдын июнь айынан кечиктирбей баштоо аракети көрүлүүдө.