Нарын шаарында аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 11:10
WhatsApp Image 2026-07-23 at 09.19.03.jpeg

Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. Нарын шаарында аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамдары таратылды.

Нарын шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, кайрымдуулук акциясы Катар кайрымдуулук фондунун колдоосу менен уюштурулуп, ар бир үй-бүлөгө ун, өсүмдүк майы жана күнүмдүк керектелүүчү башка азык-түлүктөр камтылган баштыктар тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаева аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган бул кайрымдуулук долбоору үчүн Катар кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирип, мындай жардамдар муктаж жарандар үчүн чоң колдоо экенин белгиледи.