Нарын шаарында 21 ички көчөгө асфальт төшөлдү

Аймак 02 Сентябрь 2025 11:20
540942174_1086974203611325_77259955125861461_n.jpg
541403771_1086974146944664_4065474842224023469_n.jpg
541671602_1086974163611329_2879097216855791482_n.jpg
Алдыга
Артка
540942174_1086974203611325_77259955125861461_n.jpg
541403771_1086974146944664_4065474842224023469_n.jpg
541671602_1086974163611329_2879097216855791482_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Нарын шаарында 21 ички көчөгө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен быйыл Нарын шаарындагы 39 ички көчөгө асфальт төшөө иштери каралган.

Бүгүнкү күндө 21 көчө асфальтталды. Калган көчөлөрдө жолдун негизги катмарын даярдоо жана асфальтка чейинки иштер уланып жатат.

Аталган иштер "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын №8 жана №41 Жол тейлөө ишканалары тарабынан аткарылууда.