Нарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйүнүн курулушу башталды

Аймак 23 Октябрь 2025 16:15
559169510_1859396764652923_3835098860774995851_n.jpg
568654417_1859396697986263_779936873003954869_n.jpg
569126233_1859396734652926_6963771154631028436_n.jpg
569212250_1859396627986270_5586349565389515429_n.jpg
570217991_1859396684652931_4133620255056322602_n.jpg
571189541_1859396724652927_1935893254979306604_n.jpg
571211517_1859396637986269_2715787116141557057_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын шаарынын мэриясы

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Нарын шаарында жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, курулушка старт берди.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын базасында 100 орундуу төрөт үйү жер төлөсү менен 4 кабаттуу болуп курулуп, жаңы медицина аппараттары менен жабдылат.

Анын алкагында УКМК төрагасы Ташиев дарыгерлер менен жолугушуп, мамлекет ар бир медицина кызматкерин үйлүү кылып, айлыгын көтөрүү боюнча керектүү аракеттерди көрүп жатканын айтты. Бул үчүн ипотекалык үйлөр салынарын билдирди.