Нарын шаарына “Ютонг” заводунан заманбап автобустар алынат

Аймак 18 Сентябрь 2025 12:05
548309794_1829727900953143_7210161379526393152_n.jpg
548227608_1829727930953140_8810128998870058206_n.jpg
548257498_1829727954286471_6137724396484810876_n.jpg
549992382_1829727947619805_417473438492855229_n.jpg
Алдыга
Артка
548309794_1829727900953143_7210161379526393152_n.jpg
548227608_1829727930953140_8810128998870058206_n.jpg
548257498_1829727954286471_6137724396484810876_n.jpg
549992382_1829727947619805_417473438492855229_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Нарын шаардык мэриясы

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Нарын шаарына коомдук унааларды, күйүүчү май менен жүрүүчү 11 автобус жана чарба мекемелерине атайын техникаларды сатып алуу боюнча президенттин тескемесине ылайык, заводдор менен келишимдер түзүлдү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, автобустарды сатып алуу боюнча кытайлык “Ютонг” заводу менен түзүлгөн келишимге ылайык, аталган компания 30 орундуу, күйүүчү май менен жүрүүчү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын орундар жана башка заманбап шарттары бар акыркы үлгүдөгү автобустарды 65 күндүн ичинде алып келип берүү милдетин алган.

Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу “Ютонг” кытай автоунаа заводунун Кыргызстандагы өкүлү Сам Джангды кабыл алып, өндүрүштөгү автобустардын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алды. Сүйлөшүү учурунда шаар башчысы элди сапаттуу коомдук транспорт менен камсыздоо маселесинин маанилүүлүгүн белгилеп, автобус сатып алуу боюнча талаптарды кеңири түшүндүрдү.

Буга чейин атайын тескемеге ылайык, автобустарды өндүргөн заводдордон түз сатып алуу иштери уюштурулуп, беш чет элдик ишкана менен кызматташуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, президенттин Турукташтыруу фондунан Нарын шаарын өнүктүрүү максатында бөлүнгөн 807 миллион сомдун эсебинен 130 миллион сом коомдук унааларды сатып алууга каралган.