Нарын шаарына кире бериштеги көпүрө оңдолууда

Аймак 14 май 2026 15:40
Нарын шаарына кире бериштеги көпүрө оңдолууда

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Нарын шаарына кире бериштеги чоң көпүрөнү оңдоо иштери башталды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, көпүрө Жаңы-Жол – Нарын айланма жолунун 0,4 чакырымында жайгкашкан.

Ушу тапта №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдогу аң-чөнөктөр жамоо жумуштары аткарылууда.

Жакынкы күндөрү тийиштүү адистер көпүрөнү толук коопсуз абалга келтирүү үчүн жалпы сметасын даярдап, талапка ылайык технологиялар менен иштер аткарылат.

Кошумча маалымат берилет.