Нарын шаардык прокуратурасы жаңы имараттуу болду

Аймак 09 Декабрь 2025 16:16
596810261_1177030704615980_6962572991752291591_n.jpg
596809562_1177030804615970_6357199530104377699_n.jpg
596672606_1177030787949305_6430642658609007271_n.jpg
597321724_1177030717949312_5135025348236683889_n.jpg
597570605_1177030714615979_7530265389916725205_n.jpg
597816932_1177030874615963_8475972298558128635_n.jpg
597902836_1177030791282638_5321550057733047981_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Бүгүн Нарын шаарынын прокуратурасынын жаңы административдик имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Буга чейин Нарын шаарынын прокуратурасынын өз алдынча имараты болбогондуктан, Нарын облустук прокуратурасы менен бир имаратта иш жүргүзүп келген. 2025-жылдын апрель айында башталган курулуш иштери толугу менен аяктап, заманбап талаптарга жооп берген жаңы имарат кызматкерлер үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар жана жарандарды кабыл алууга ылайыкталган кеңири мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалды.

Белгилей кетсек, учурда өлкөнүн бир катар аймактарында укук коргоо тутумун чыңдоо жана прокуратура кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу максатында мамлекет тарабынан жаңы административдик имараттар жана кызматтык үйлөр курулууда.