Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери кармалды

Укук тартиби Загрузка... 16 Март 2026 16:50
WhatsApp Image 2026-03-16 at 16.19.51.jpeg
copyright icon УКМК

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүндөгү мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча мекеменин жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар шаардагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен 4000 сомдон 5000 сомго чейин акча талап кылышкан. Чогултулган каражаттар Эсептөө палатасынын инспекторуна финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн берилет деп айтылган.

Шектүүлөрдүн кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда 68 миң сом өлчөмүндөгү накталай акча, Нарын шаарындагы 17 билим берүү мекемесинин (мектептер жана бала бакчалар) тизмеси жана акча каражаттарынын которулушу тууралуу белгилер коюлган жазуулар далил зат катары алынды.

Соттун чечими менен алар тергөө аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда УКМК бул кылмышка тиешеси бар башка тараптарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштерин улантууда.