Нарын районунун Ак-Кыя айылы ичүүчү таза суу менен камсыздалды

Аймак Загрузка... 11 Октябрь 2025 12:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Нарын районунун Ак-Кыя айылы ичүүчү таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Нарын облусундагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын координатору Улан Байгончоков билдирди.

Анын айтымында, долбоор Азия өнүктүрүү банкы жана АРИС тарабынан ишке ашырылган. Долбоорду ишке ашырууга 155 млн сом сарпталган.

"Кубаттуулугу 25 куб метрди түзгөн суу мунарасы орнотулуп, ал айыл тургундарын күнү-түнү таза суу менен камсыздай алат. Учурда айылда 123 түтүн жашайт. Долбоордун алкагында ар бир үйгө суу эсептегичтер орнотулууда",-деди ал.

Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Ардак Мамырова белгилегендей, буга чейин айыл эли сууну ар кандай ыкмалар менен камсыздап келишкен. Айрыкча жаш келиндер жана балдар алыстан суу ташып келүүгө мажбур болушкан.

WhatsApp Image 2025-10-11 at 11.18.22 (1).jpeg

“Бул айылда 30 жылдан бери жашайм. 30 жылдан бери бери таза суу маселеси эң олуттуу көйгөй болуп келген. Азия өнүктүрүү банкы жана бардык жардам көрсөткөн тараптарга терең ыраазычылык билдиребиз. Айыл тургундары да активдүү катышып, суу түтүкчөлөрүн жана эсептегичтерди өздөрү камсыздашты. Суунун кириши менен турмушубузда чоң өзгөрүүлөр болду. Мурда бир чакырым алыстан суу ташып, кээде кир жууй албай калчубуз. Азыр болсо кирди атайын кир жуучу машиналар жууп, үйдө жылуу, таза жерде жуунууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”,-деди ал.

Аталган айылдын тургуну Алиса Майрамбекова да таза суунун келиши үй кожойкелерине чоң жеңилдик алып келгенин айтат.

WhatsApp Image 2025-10-11 at 11.18.20.jpeg

“Эң башкысы балдарыбыз тазалыкка үйрөнүп, гигиеналык жактан жакшы шарт түзүлдү. Идиш-аяк жууганда, тамак жасаганда таза сууну колдонуп жатабыз. Бул өз кезегинде ар кандай оорулардын алдын алууга жардам берет. Мурда сапатсыз суу ичип, балдарыбыз жана ата-энелерибиз тез-тез ооруп калышчу”,-деди ал.