Нарында 182 чакырымдан ашык жол жарыктандырылды

Аймак 20 август 2026 12:50
Нарында 182 чакырымдан ашык жол жарыктандырылды

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Нарын районунда жолдорду түнкү жарыктандыруу иштери уланууда.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда райондогу жалпы узундугу 182 чакырымдан ашык жол жарыктандырылды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Эмгек-Талаа жана Хутор-Ак-Талаа айылдарында жүргүзүлүп жаткан түнкү жарыктандыруу иштери менен таанышты. Долбоор райондук фонддун эсебинен каржыланууда.

Долбоордун алкагында айылдардын жалпы 4,5 чакырым ички жолуна жарыктандыруу орнотулуп, иштердин 90 пайызы аткарылды.

Нарын районунда жолдордун жалпы узундугу 442 чакырымдан ашат. Алдыда бардык айылдардын ички жана айылдар аралык жолдорун жарыктандыруу пландалууда.