Бишкек, 20.08.26 /Кабар/. Бүгүн, 20-августта Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров Нарын районунун Жан-Булак жана Учкун айыл аймактарына таштанды ташуучу атайын техникаларды тапшырды.
Өкулчүлүктөн билдиришкендей, атайын техникалар "Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан сатып алынган.
Облус башчысы жаңы техникаларды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгилеп, аймактардын санитардык абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Эске салсак, 2025-жылы президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен Нарын районуна 11 даана атайын айыл чарба техникасы берилген.