Нарын райондук электр тармактар ишканасына жаңы имарат курулду

Аймак 24 Октябрь 2025 09:15
571062243_1322227916351691_2094437686737473315_n.jpg
571120746_1322228133018336_630770354023988287_n.jpg
571136170_1322228119685004_382812775837919776_n.jpg
571170372_1322228269684989_4175017950920901822_n.jpg
571189777_1322228006351682_1592238459657634987_n.jpg
571230401_1322227919685024_3567942086083183578_n.jpg
571237618_1322228139685002_2255086093422278752_n.jpg
571263501_1322228236351659_2577583944237922100_n.jpg
571410347_1322227999685016_9019824718309706751_n.jpg
571429683_1322227909685025_5145810318073221474_n.jpg
570463316_1322228223018327_8296259298156364988_n.jpg
570976827_1322228003018349_2314335706099201168_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Нарын райондук электр тармактар ишканасынын имараты ачылды. Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жаңы имарат Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндө, заманбап архитектуралык талаптарга ылайык курулуп, жалпы аянты 919 чарчы метрди түзөт. Объект үч кабаттуу болуп, бардык инженердик-коммуникациялык системалар менен камсыздалган.

Курулуш иштери 2025-жылдын экинчи кварталында башталып, төртүнчү кварталында толук аякталып, пайдаланууга берилди.

Имараттын ичин жана сыртын кооздоодо энергия үнөмдөөчү материалдар жана заманбап жасалгалоо ыкмалары колдонулган. Курулушка "Кыргызстан улуттук электр тарамактар" ишканасынын өздүк каражатынан 55 млн 250 миң сом жумшалган.

Камчыбек Ташиев имараттын ичинде түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгып, азыркы тапта бул тармакта аткарылып жаткан иштерге токтолду. Төрага бул жылы суу аз топтолгонуна карабай, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпай жарык менен камсыз кылууга чакырды.

Белгилей кетсек, кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында мындай имараттар Ат-Башы жана Жумгал электр тармактарына дагы курулууда. Мындан тышкары Кочкор районуна темир-бетон ишканасы, ремонттук цех, Ат-Башы жана Нарын райондоруна 110/35/10 кВ көмөк чордон менен быйыл Нарын облусунун энергетика тармагында 8 объектти куруу пландалган.