Нарын, Ош жана Жалал-Абадда ветеринардык дарыканалар текшерилди

Аймак 7 сентябрь 2026 15:40
Булак: Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Нарын, Ош жана Жалал-Абадда ветеринардык дарыканалар текшерилди
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 07.09.26 /Кабар/. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын региондук башкармалыктарынын инспекторлору жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын адистери тарабынан Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Ош жана Нарын шаарларында ветеринардык дарыканаларга мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө ветеринардык дары-дармектердин сатылышы жана сакталуусу, дарыканалардын тиешелүү реестрлерге катталуусу жана мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым ветеринардык дарыканаларда ички реестрге катталбаган учурлар жана ветеринардык дары-дармектердин агрохимикаттар менен талапка ылайык өзүнчө сакталбагандыгы аныкталды.

Аныкталган кемчиликтер боюнча дарыканалардын ээлерине жана кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү талаптар коюлду.