Ат-Башыда азык-түлүк коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө

Аймак 28 август 2026 16:00
WhatsApp Image 2026-08-28 at 14.15.21.jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Ат-Башы районундагы эт комбинаты, сүт заводу, ветеринардык дарыкана жана эт дүкөнүнө пландуу мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнү Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын облустук регионалдык башкармалыгынын адистери жүргүздү.

Мониторингдин жыйынтыгында объектилердин негизги ветеринардык-санитардык талаптарды сактаганы аныкталды. Ошол эле учурда айрым жайларга санитардык тазалыкты жакшыртуу, дезинфекциялоочу каражаттардын запасын толуктоо жана тиешелүү журналдарды иретке келтирүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Адистер аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу боюнча тапшырмаларды беришти.