Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында Кырчын жайлоосунда ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышы текшерилди.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл облусундагы инспекторлору Садыр Аке айыл аймагындагы этношаарчадагы эки убактылуу мал союучу жайдын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөштү.
Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларынан, 7 облустан келген өкүлдөр жана 72 боз үйдө коомдук тамактануу кызматын көрсөткөндөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аларга малды атайын белгиленген убактылуу мал союучу жайларда гана союу жана ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо зарылдыгы түшүндүрүлүп, эскертмелер таратылды.