Нарын – Оруктам унаа жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлөт

Аймак 30 Июнь 2025 13:33
f29eed3c-5606-40e9-9795-596b782950e6.jpg
0bbfd56c-ad71-4cc6-8426-dfa287b4ce21.jpg
e1a5c3aa-148e-4fe7-99f6-3b170cb85af9.jpg
Алдыга
Артка
f29eed3c-5606-40e9-9795-596b782950e6.jpg
0bbfd56c-ad71-4cc6-8426-dfa287b4ce21.jpg
e1a5c3aa-148e-4fe7-99f6-3b170cb85af9.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Нарын – Оруктам унаа жолуна асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражат мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен бөлүнүп, унаа жолдун 4 чакырымы асфальтталат.

Бүгүнкү күндө 3 чакырым аралыкта жолдун негизин даярдоо жумуштары жыйынтыкталып, калган бөлүгүндө жер жумуштары уланууда. Июль айында асфальт төшөө иштерин баштап, бүткөрүү мерчемделип жатат.

Жол оңдоо жумуштары унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталып, министрликке караштуу № 24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.