Көмүр тартыштыгы жок: Нарын облусу боюнча көмүрдүн баалары жана запасы

Коом Загрузка... 10 Январь 2026 17:45
komur---komur-arama-ve-arastirma-hizmetleri (1).jpg
copyright icon www

Бишкек, 10.01.26. /Кабар/. “Кыргызкөмүр” ишканасы Нарын облусунун райондорундагы көмүрдүн баасы тууралуу маалымдады.

Ага ылайык, кенде көмүр тартыштыгы жок, керектөөгө жараша көмүрдү каалаган убакта келип алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.

Көмүрдүн баасы — ордунда тоннасы 2460 сом.

  • Ак-Талаа району — 7 базада 235 тонна көмүр бар, баасы 3500–4500 сом.
  • Ат-Башы району — 415 тонна көмүр бар, баасы 5000–6000 сом.
  • Жумгал району — 19 кампада 863 тонна көмүр бар, баасы 3150–3630 сом.
  • Кочкор району — 830 тонна көмүр бар, баасы 4000–4600 сом.
  • Нарын району — 200 тонна көмүр бар, баасы 5500–6000 сом.
  • Нарын шаары — 4 базада 650 тонна көмүр бар, баасы 5000–6000 сом.

Ошондой эле “Кыргызкөмүр” ишканасына караштуу Кара-Кече кенинде бүгүнкү күндө көмүр өндүрүү иштери уланып жатканы айтылды.