Нарын облусунун милиция кызматкерлерине жаңы унаалар берилди

Аймак 27 Июль 2026 13:50
758573583_1538.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
756227266_1659.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
756909012_1711.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
758573583_1538.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
756227266_1659.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
756909012_1711.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Нарын облусунун милиция кызматкерлерине жаңы кызматтык унаалар берилди. Алардын арасында Chevrolet Tracker жана Niva үлгүсүндөгү унаалар бар. Транспорт каражаттарын Ички иштер министрлиги бөлүп берген. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унааларды Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жолболду Кочконов аймактагы милициянын аймактык пункттарында кызмат өтөгөн участкалык милиция кызматкерлерине тапшырды.

Белгиленгендей, кызматтык унааларды берүү участкалык кызматкерлердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруусуна шарт түзүүгө жана калкка ыкчам жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жолболду Кочконов кызматкерлерди жаңы унаалар менен куттуктап, кызматтык техниканы максаттуу пайдаланууга жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерин ак ниет аткарууга чакырды.