Нарын облусунун башчысынын эл менен жолугушуусу Ак-Талаада уланууда

Аймак Загрузка... 12 Май 2026 10:52
1.webp
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаровдун аймак тургундары менен жолугушуулары Ак-Талаа районунда уланууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Бүгүн облус башчысы Ала-Буга, Кара-Бүргөн жана Баетов айыл аймактарынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн жана суроо-талаптарын угат.

Жолугушуу Ала-Буга айыл өкмөтүнүн Чолок-Кайың айылында башталып, ага Кош-Дөбө, Конорчок, Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарынын тургундары катышты.

Нурбек Сатаров Ак-Талаа районунун 90 жылдыгына карата бир катар объектилердин ачылышы пландалып жатканын жана районго өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

"Учурда жол маселелери чечилип, республикалык бюджеттин эсебинен социалдык объектилер курулуп, пайдаланууга берилүүдө", - деди ал.

Облус башчыларынын жана шаар мэрлеринин эл менен жолугушуулар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулуп, УТРК жана ЭлТР телеканалдары аркылуу түз эфирде көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, облус башчысы саат 13:30да Кара-Бүргөн, ал эми 16:00дө Баетов айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары менен жолугат.

2