Нарын облусунда жүрөк-кан тамыр оорулары жашарууда - Мурат Алиаскаров

Ден соолук Загрузка... 10 Октябрь 2025 17:50
WhatsApp Image 2025-10-10 at 17.19.27.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Нарын облусунда жүрөк-кан тамыр оорулары жашарууда. Бул тууралуу Нарын бириккен облустук ооруканасынын директору жана Нарын облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Муратбек Алиаскаров “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтмында, тоолуу аймактарда жарандар жүрөк оорусуна көп чалдыгып, оорунун саны барган сайын көбөйүүдө.

“Нарын облусу үчүн жакшы күн болууда. Үч тараптуу макулдашуунун алкагында облустук ооруканага келе турган эксперттик класстагы ангиографиялык комплекс, ЭхоКГ аппараты жана башка заманбап жогорку технологиялык жабдууларды колдонуу менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алып, бейтаптарга жеринде сапатту жардам көрсөтө алабыз деген үмүттөбүз.

Бүгүн Нарын облустук бириккен ооруканасынын базасында тоолуу жогорку технологиялык жүрөк-кан тамыр кластеринин (КАТЛАБ) моделин түзүү боюнча макулдашууга кол койдук. Чынында бул тарыхый күн. Анткени, Ага Хан фонду аркылуу биздин ооруканага баалуу, чоң жабдык келгени турат. Эми бейтаптарды Нарындан Бишкекке жөнөтпөй, жеринде жардам көрсөтүп, тийиштүү операцияларды жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул багытта Кардиология институтунда биздин адистерибиз даярдоодон өтө турган болду”,- деди Алиаскаров.

Ошондой эле ал бул макулдашуу менен токтоп калбастан, М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлерине Нарын облустук бириккен ооруканасынын базасында бейтаптарды кабыл алуучу кабинет уюштуруп берүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда аталган борбор, Ага Хан фондунун өлкөдөгү филиалы жана Нарын облустук бириккен ооруканасынын ортосунда Нарын облустук бириккен ооруканасынын базасында тоолуу жогорку технологиялык жүрөк-кан тамыр кластеринин (КАТЛАБ) моделин түзүү боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлду.