Нарын облусунда жол кырсыктарынын алдын алуу иштери күчөтүлөт

Аймак 08 Январь 2026 13:25
611717919_1186893856906365_8998089173431113690_n.jpg
611782222_1186893866906364_3968913596210944867_n.jpg
611830958_1186893830239701_1745801916366031580_n.jpg
611914827_1186893930239691_9170204156175133834_n.jpg
612176480_1186893896906361_1585236148486958218_n.jpg
613023850_1186893823573035_6366623969938231548_n.jpg
609183714_1186893943573023_5812750745835743961_n.jpg
611469485_1186893973573020_4142613626436748060_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 08.01.26. /Кабар/. Бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев Нарын облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүлөрүнүн жумушун таң эртеден баштап текшерди.

Ведомствонун маалыматына караганда, Азенбек Козукеев кызматтык унааларды жолго чыгарып, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактика иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Айдоочуларды жолдо бири-бирин сыйлап, маданияттуулукка чакыруу, жол тайгак мезгилде эскертүү маалыматтарын берүү, Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы чет өлкөлүк айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында башкармалыктын облус боюнча башчысы Нурбек Салымбаевге кемчиликтерди тез арада жоюп, багыттуу иш алып баруу тапшырылды.