Нарын облусунда жер титиреди

Кырсык 18 ноябрь 2025 08:40
Нарын облусунда жер титиреди
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 18-ноябрда саат 05:56да Нарын облусунун аймагында жер титиреди.

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Орто-Саз айылында – 4 балл, Нарын шаарында – 3,5 балл, Жан-Булак айылында – 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.