Нарын облусунда таза суу менен камсыздоо иштери активдүү жүрүүдө

Аймак Загрузка... 26 Июнь 2025 09:00
331841570031886_big.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Нарын облусунда таза суу менен камсыздоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, облуста 1 шаар, 27 айыл аймак, же 140 айыл жана 5 участок, жалпысынан 146 калктуу конуш бар.  

"Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркыды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемесинин сунушу менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоорго Нарын облусу боюнча  43 айыл камтылган. Долбоордун жалпы суммасы 71,7 млн доллар.

Бүгүнкү күндө 5 584 адамды камтыган 6 айылда 241,6 млн сомго суу системасын куруу аякталып, 55 391 адам жашаган 15 айылда жалпы суммасы 2 млрд 24,9 млн сомго суу системасын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. 

Мындан тышкары, 21 205 адам жашаган 7 айылда куруу иштерин жүргүзүү үчүн тендердик жол-жоболор өткөрүлүп, кол коюу этабында турат. Ошондой эле 21 761 адам жашаган 15 айылда долбордук-сметалык документтер  иштелүүдө.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) жана Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен Нарын шаарында таза суу түтүктөрү, кошумча канализация түтүктөрү, саркынды сууну тазалоочу жай куруунун 1-фазасы соңуна чыгып, бүгүнкү күндө 2-фазасында иштер жүрүүдө. Аталган   долбоордун жалпы суммасы 12,7 млн еврону түзөт.

2025-жылда республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу салынуучу объектилердин тизмесине Нарын облусу боюнча 18 айыл киргизилди.