Нарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды

Аймак 140 18 Август 2026 11:05
777828459_1832687598142662_7669394174644684941_n.jpg
777330367_1832687541476001_5837520802730770129_n.jpg
777882463_1832687554809333_5443881991873597345_n.jpg
Алдыга
Артка
777828459_1832687598142662_7669394174644684941_n.jpg
777330367_1832687541476001_5837520802730770129_n.jpg
777882463_1832687554809333_5443881991873597345_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Бүгүн Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев райондордун акимдеринин биринчи орун басарлары жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү менен жолугушту.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууда аймактагы инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы, өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү, долбоорлордун учурдагы абалы жана аларды ишке ашырууда жаралган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана жергиликтүү деңгээлдеги колдоону күчөтүү боюнча пикирлер айтылды.

Иш-чарага Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун улук эксперти Ыйман Рахатбеков, Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин сектор башчысы Нурбол Тынайбеков жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун улук эксперти Улан Данилбеков катышты.