Нарын облусунда 30,6 миң "акылдуу" эсептегич орнотулду

Аймак Загрузка... 27 Ноябрь 2025 11:28
587777819_18085047260476120_4863019847036380646_n.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. 2025-жылга карата Нарын облусунун аймагында 32 753 абонентке “акылдуу” эсептегич орнотуу пландалган.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө анын 30 643ү, же башкача айтканда 94 пайызы орнотулуп бүттү. Орнотуу иштери ноябрь айынын аягына чейин толук аякташы күтүлүүдө.

Райондор боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдей:

  • Ак-Талаа: план – 6 488, факт – 6 298;
  • Ат-Башы: план – 10 113, факт – 8 936;
  • Жумгал: план – 8 058, факт – 7 753;
  • Нарын: план – 3 289, факт – 3 171;
  • Тогуз-Торо: план – 4 805, факт – 4 485.

“Акылдуу” эсептегичтерди орнотуу – электр энергиясын жеткирүүнүн сапатын, тактыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулаткан маанилүү санариптик кадам. Аткарылып жаткан иштер керектөөчүлөргө ыңгайлуулукту түзүп, аймактын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого көмөктөшөт.